Menu

Мирлан Дүйшенбаев, журналист: “Жогорку Кеңеш мөөнөтсүз таркап кетсе, бул биринчи кезекте үчүнчү тараптагыларга пайдалуу”

Бөлүшүү:

– Парламенттин тарап кетиши кимге пайда алып келет? Атамбаевгеби же Жээнбековгобу?

-Азыркы кырдаалдан, реалдуулуктан карап айта турган болсок, парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарашы эки тарапка тең пайда алып келбейт. Бүгүнкү парламент президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдоого алууда. “Көзү түз” болуп турган парламенттин тарап кетүүсүнүн президентке кереги жок. Жаңы шайлоо жаңы плансыз чыгымдарды, түйшүктөрдү гана жаратат. Анын үстүнө парламентти таратууга укуктук негиздерди да көрбөй турам. Шайлоонун мөөнөтүндө болгону туура, ага бийлик тараптан даярдыктар көрүлүшү керек да. Парламенттин тарашы экс-Президент үчүн деле ыңгайсыз. Ооба, парламент толугу менен, КСДП фракциясы кайсыл бир деңгээлде Атамбаевдин таасиринен чыгып калды. Мындай шартта Атамбаев үчүн парламенттин тарап, жаңы шайлоодо парттизмени өзү баштап, жаңы командасы менен шайланып келүүсү максатка ылайыктуу болмок. Бирок шайлоодо жеңишти камсыз кылуусу чоң суроого айланат. Анткени, ТЭЦ баштаган бир катар коррупциялык чуулгандуу иштер, камоолор Атамбаевдин саясий бейнесине көлөкө түшүрүп койгонун танууга болбойт. Мындай шартта шайлоого катышып, көпчүлүк мандатка ээ болуу реалдуу эмес го. Ал үчүн Атамбаев өзүн реабилитациялашы керек, ага убакыт талап кылынат. 2020-жылга чейин андай убакыт бар. Ошондуктан парламенттин тараганы экс-Президентке пайда алып келет дегендерге кошулбайм. Менимче, Жогорку Кеңеш мөөнөтсүз таркап кетсе, бул биринчи кезекте үчүнчү тараптагыларга, “шайлоо болсо депутат болот элем” – деп шайлоону саргара күтүп жүргөндөргө, Өкмөттүн да, парламенттин да сыртында калган экс-чиновниктерге пайдалуу болсо керек. Алар шайлоонун шарапаты менен “кызарган” жерлерди баса калуунун аракеттерин көрүшөт.

Булак: “Ачык саясат” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: