Казакстан ИИМинин башчысы Ерлан Тургумбаев 6-июлда Нур-Султан жана Алматы шаарларында өткөн митинг учурунда 100 киши кармалганын билдирди. Алар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.
“Настоящее время” телеканалы кабарлагандай, 44 адамга айыппул салынып, административдик камакка алынган.
6-июлда Казакстандын бир нече шаарларында полиция митингге чыккандарды жапырт түрдө кармап кеткен. Алматынын Борбордук стадионунда ондогон адам кармалган. Полиция кызматкерлери атайын унааларга 30 кишини салып кеткенин көргөн элдер көргөн.
Нур-Султанда дагы ушундай эле кармоо болгон.
Шымкенттеги Ал-Фараби аянтында полиция 40 кишини кармаган. Полиция кызматкерлери митингде эч кандай ураан чакырбай, тынч турган жарандарды да кармап кеткен.
Казакстанда буга чейин 9-10-июнда да митингдер өткөн. Анда Нур-Султанда жана Алматыда ар кандай эсеп боюнча миңге чукул киши кармалган. Анын 670и алты күндөн 16 күнгө чейин камалса, 115ине айыппул салынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ