Menu

Ноокен районунда авиакырсыктан оор жаракат алып, ооруканада каза болгон тургундун денеси жерге берилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-январда Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылында 16-январда “Манас” Эл аралык аэропортунун жанындагы авиакырсыктан оор жаракат алып, денесинин 45 пайызы күйүп, ооруканада каза болгон Сагынбек Рахмановдун денеси жерге берилди. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Ноокен районунун  29 жаштагы тургуну Сагынбек Рахмановдун денесинин 45 пайызы күйүккө учурап, ал оор абалда Бишкектеги трамватология жана ортопедия институтунун ооруканасына жаткырылган эле. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер тарабынан жабырлануучуга бардык жардамдар көрсөтүлгөндүгүнө карабай, ал кече  ооруканада көз жумду.

Сагынбек Рахмановдун сөөгү кече КРнын ӨКМлиги тарабынан кичи мекенине жеткирилди. Бүгүн анын сөөгүн жерге берүү тажиясына айылдаштары, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов катышты.

Ушул жылдын 16-январындагы авиакырсыктан Сагынбек Рахмановдун үй-бүлөсүнөн 4 адамдын сөөктөрү: 23  жаштагы жубайы Венера Дүйшеева, анын боюндагы 7 айлык кызы курсагынан алынып, ага Аяна деген ысым берилип, энесинин жанына коюлган. Алардын уулдары – 4 жаштагы Исабек менен 6 жаштагы Алибектин денелери дагы ушул жылдын 17-январында Курулуш айылында акыркы сапарга узатылган болчу. Авиакырсыктан курман болгон үй-бүлөнүн жакындарына КРнын Президенти тарабынан 100 миң сом, КРнын Өкмөтү тарабынан 70 миң сом жардам көрсөтүлгөн.

Жалал-Абад областы боюнча 20-январга карата авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча ачылган атайын эсебине 5 млн. 467 миң сом которулду.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: