Алмаз Атамбаев өзгөртүүлөр киргизилген административдик жоопкерчилик боюнча кодекске кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мыйзам коомдогу адептүү жүрүш-турушту калыптандыруу, жаштардын тартибин жакшыртуу максатын көздөйт. Ага ылайык, коомдук жайларда ичимдик ичкен, баңгизат колдонгон жана коомдук баалуулуктарга сыйбаган көрүнүштөрдү жасаган адамдарга айыппулдун суммасы көбөйтүлөт.
Айыппулдун көлөмү миң сомдон үч миң сомго чейин деп көрсөтүлгөн. Эгер мыйзам бузган жаран аны төлөп бере албаса, сегиз сааттык коомдук жумушка тартылат же беш суткага камалат.
Спирт ичимдиктерин же акыл-эсти маң кылуучу заттарды колдонгон өспүрүмдөрдүн ата-энелери дагы эки миңден үч миңге чейинки айыппулга жыгылат.
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр жыл аягында кабыл алган.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ