Кечээ, 26-февралдын кечинде Ош шаарында укук коргоочу Хусанбай Салиевди тумшукка койгон жаранды милиция кармады. Бул тууралу Ош шаардык милициясы бүгүн, 27-февралда билдирди.
Кечээ кечинде Ош шаарында “Лексус” үлгүсүндөгү жол тандабас айдаган белгисиз жаран жол талашып, жол эрежесин бузуп, акырында “Бир дүйнө” укук коргоо уюмунун Ош шаарындагы өкүлү Хусанбай Салиевдин жол кесип, токтотуп, тумшукка коюп, “разборка” жасаган.
Бул окуя видеокамерага түшүп калгандыктан бейбаштык кылган жаран кармалып, милициянын абагына киргизилди. Азыр сурак берип жатат.
Видео социалдык тармактардан алынды
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ