Биздин булактар кабарлагандай, темирпуруш Рустам Маманов былтыр, 2016-жылы Бекболот Талгарбеков жетектеген “Элдик парламент” Россиянын чекисттерине таянып, Кыргызстанда бийликти алабыз деп жатышканда алар менен тымызын байланыша койгон экен. УКМК бир нече телефон чалууларын да жазып алыптыр. “Элдик парламенттин” кылмыш ишинде Рустам Мамановдун да аты аталып, анан ошонун айынанбы айтор азыр Мамановдун Баткен облусундагы “Ак-Сай” цемент заводу тыкыр текшерилип жатыптыр. Заводдон кийин Мамановго караштуу ал жердеги бир нече цементтин чийки сырьёсу чыкчу карьерлердин мыйзамдуулугу да текшерилет дешет.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ