Menu

ЖКнын иш башкармалыгындагы ал кайсы баатыр?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште өзүн-өзү билген бир эрен жөнүндө терс маалымат биздин редакцияга да жетти. Анда, ЖКнын иш башкармалыгындагы азыркы учурдун «көзүрү» М. Матазимов тууралуу айтылат. Анын артыкчылыгы азыркы президенттин кичи мекени болгон Кара-Кулжалык экендигинде. Калыстыкка таянып айтсак, (бизге келген маалыматтарга караганда) ал президент менен деле, парламентгеги анын үкасы А.Жээнбеков менен деле камыр-жумур болгон катыштыгы же ысык мамилеси деле жок. Болгону Кара-Кулжалык. Ал жигит мына ушул «өзгөчөлүктү» терең пайдалануу менен ээн баштыгы ашынып баратканы айтылат. Матазимов тууралуу бир топ МККлар да байма-бай жазып атышканы бекеринен эмес окшойт.

Учурда ЖКнын Иш Башкармачылыгынын ичинде ич-ара нааразылык башталып, каракулжалык кадр башчысы Ж. Борбодоев менен азыркы кеп кылып жаткан башчы М. Матазимов жакпаган кадрларына ыдык көрсөтүп жатышканы тууралуу спикерге жана фракция башчыларына арыз даттануулар түшүп атканын эшиттик. Жаңы келген «иш башкарма» көп учурда чартаңбай тээп, жумушка кааласа келип, каалабаса келбей койгону, анысы аз келгенсип чет өлкөлөргө байма-бай саякаттап жүрөгөнү айтылат. Анан да аны Борбодоев «жумушта эле жүрөт» деп ар убак калкалап, табел түзөт экен… Мындайда көзөмөлдү төрага Дастан Жумабеков өзү көрсөтпөсө болбой калды дешүүдө. Же спикер Д. Жумабеков дагы ал башкармадан жалтактап жатабы дешет. Неси болсо да мындай маселеге Д. Жумабеков төрага катары Марат Матазимовго кандайдыр бир чара көрбөсө болбой калды дешүүдө. Андай болсо айтылган нааразычылыктын ак, карасын аныктоо төрагада болсун деп туралы.

Булак: “Айгай-пресс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: