Menu

Сооронбай Жээнбековдун Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуусу

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков  Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөш Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарынын бирине айланды. 2012-жылы А.Ш.Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын  антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы кабыл  алынган.

Өткөн жылдары коррупциянын алдын алуу багытында Кыргызстанда  көп иштер жасалды – мыйзамдар өркүндөтүлдү, антикоррупциялык иштерди координациялоо жөнгө салынды, укук коргоо жана сот органдары реформаланып жатат.

Биз бул ишти улантабыз. Ошону менен бирге  күрөштүн экинчи этабына киришебиз – укук коргоо, көзөмөл жүргүзүү жана сот органдарындагы, мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы кызматкерлердин катарын тазалап, колу туткактарынан арылабыз. Коррупцияга каршы аракеттенүүдө  мыйзамдын бекем сакталышы, адилеттүүлүк жана  мыйзам бузууларды сөзсүз жазалоо  негизги принциптерден болууга тийиш.

Парламенттик жана президенттик шайлоолордо биз  автоматташтыруу саясый коррупцияга каршы күчтүү курал болуп саналаарын дагы бир ирет ынандык. Эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын көпчүлүгүн электрондук форматка өткөрүүнү тездетүү керек. Башкарууну  автоматташтыруу  биринчи кезекте коррупцияга урулган сокку. Ошондуктан “Таза коом” улуттук программасын ишке ашыруу – өтө маанилүү милдет!

Ошону менен бирге  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын кызматкерлеринин кирешесин ачыкка чыгаруу механизмдери киргизилет.

Учурда коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштүн натыйжасында демократиялык мамлекетти  курууда жана өлкөнүн  социалдык-экономикалык турмушунда олуттуу жылыштар болду.

Өлкөбүз алдыга өнүгүп, элибиз коррупциядан жапа чекпеши үчүн биз бардык күч аракетибизди жумшайбыз. Бийлик бутактары  –   мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот  бийликтери эриш-аркак иштеп, коррупцияга каршы багытталган  бардык демилгелерди колдоого алат деп ишенем.”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: