“Өзүңөр билгендей, беш айдан кийин кыргыз эли жаңы Президентти шайлайт. Эмдиги жылы сиздерди башка Президент, башка Колбашчы куттуктайт”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 9-майда, борбор шаардын Жеңиш аянтында болуп өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 72 жылдыгына арналган эскерүү иш чарасында сөз сүйлөп.
“Ишенип койгула, ушул жылдардын ичинде согуш ардагерлери үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Беш жыл мурда өлкөнүн акыбалы өтө начар болчу. Мисалы, ардагерлерге ай сайын кошумча он миң сомдон төлөйлү десек, бюджетте акча жок эле. Чет элдик спонсорлордон жыл сайын каражат таап жаттык. Төрт жылда 300 миллион сом таптык ардагерлердин стипендиясы үчүн.
Кудайга шүгүр, азыр өлкөнүн акыбалы башка. Ушул жылдан баштап бул милдетти мамлекет аткарып жатат. Кыргызстан бутка турду!
Урматтуу аталар-апалар!
Силер каалагандай жардам бере албасам, кечирип койгула. Колдон келишинче иштедим. Анткени, силерди көргөндө өз атамды көргөндөй болом. Кыргызда: “Атам өлсө да, атамды көргөндөр, билгендер өлбөсүн” деген сөз бар. Ал киши да сиздерге окшоп согуш ардагери болчу. Апам эмгек ардагери болчу”, – деди Алмаз Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ