Menu

БШК шайлоого катышчу саясатчыларды алдын ала үгүт жүргүзбөөгө чакырды

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуу ниети бар саясатчыларга жана саясий партияларга үгүт иштери тууралуу түшүндүрмө берип, кайрылуу жасады.

«Биз саясатчыларды шайлоо мыйзамдарын сактоого чакырып кайрылуу жасадык. Анда шайлоо күнү расмий белгиленгенге чейин, каттоого өтө электе үгүт иштерин жасабай туруңуздар деп айтып жатабыз. Азыр кээ бир саясатчылар, президент болом деген жарандарыбыз алдын ала эле жумуштарды жасап жатат», — деди БШК мүчөсү Назарали Арипов.

Кыргызстанда президенттик шайлоо мөөнөтү так аныктала элек. Бирок президенттикке талапкерлигин коюуга ниеттенген саясатчылардын айрымдары аймактарды кыдырып, жер-жерлерде эл менен жолугушууларды байма-бай өткөрүүгө киришти.

“Ак шумкар” саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана “Республика” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жандантып, эл менен жолугушууларды баштаган.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушун берген. Ага чейин БШК президенттик шайлоо мыйзам боюнча 19-ноябрда өтүшү керектигин билдирген болчу.

Азырынча шайлоого катышарын “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев менен “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев ачык билдирсе, парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду көрсөтүшөрүн жарыялаган. Ал эми “Ата Мекен” партиясы камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди президенттикке көрсөткөн. Бийликтеги Социал-демократтар партиясы болсо, азырынча өз талапкеринин атын атай элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: