Бүгүн, 14-январда, Бишкекте Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, эксперттер катышууда. ЖК депутаттардан жалгыз Зарылбек Рысалиев гана келиптир.
Учурда алтын кени боюнча эксперт Базарбай Мамбетов маалымат берүүдө. Анын айтымында, канадалыктар Кыргызстандын алтын кенин тоноодо, буга кыргыз бийлиги 25 жылдан бери жол берип келатат. Муну калыпка келтирбесек, кийинки муун бизди кечирбесин баса белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ