Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарынан №1 борт менен эмес, кадимки каттамдагы учак менен Москва аркылуу Бишкекке келди. Мындай маалыматты бүгүн, 21-декабрда Жарандык авиация агенттиги журналисттерге билдирди.
Алардын маалыматына караганда, ТУ-154 учагынын үч кыймылдаткычынын бири иштебей, абага көтөрүлө албай калган. Ошондон улам, президент Сооронбай Жээнбеков жана делегациянын жарымы кечээ, 20-декабрда кадимки каттамдагы учак менен Москва аркылуу Бишкекке учуп келишкен. Самолёт оңдолуп, делегациянын калганы бүгүн, 21-декабрда Бишкекке учуп келишкен.
Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков делегация менен Санкт-Петербургга Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн кечээ, 20-декабрда учуп кеткен. Ал аталган жыйынга катышып, аягында бир катар документтерге кол койгон.
Президентти ташыган учак 1993-жылы чыккан. Аба кемесинин эскилиги жеткени буга чейин байма-бай айтылган жана айтылып келет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ