Menu

Анатай Өмүрканов, акын: Спикер, мамкатчы болгондордун артында “акмак” деген гана сөз калды

Бөлүшүү:

– Анатай байке, кечээ жакында президент парламентти, өкмөттү башкарган экстерди чогултуп, чоң жыйын өткөрдү. Өлкө башчыбыздын бул демилгесине сиз кандай баа бересиз?

– Эски замандан бери эле эл менен эл кагышат, журт менен журт урушат. Анан ошону аксакалдар чечет. Бий деп коёт, бийи чечет. Кепке келген жакшы нерсе болот да. Ар кандай жаманчылыкты аксакалдын сөзү, улуунун сөзү, мыктынын сөзү жайгарып койгон. Илгертен келаткан өзүнчө философиялык жол-жобо ушул. Мына ушуну кечээ президентибиз Сооронбай Жээнбеков жасады. Бул улуу, жакшы жөрөлгөнүн башталышы. Себеби, булар көчөгө чыкканда эле бири-бири менен учурашпаган кишилер. Бирин-бири алдап, бирин-бири сатып, көрүнсө көзү менен атайын деп жүргөн кишилерди чакырып, ошолордун сөзүн угуп атат. Алардын жакшыбы-жаманбы, чын эле тажрыйбалары бар. Мисалы, мен ал жерден бир гоп жакшы сөздөрдү уктум. Мына, Алтай Бөрүбаев бүгүнкү күндөгү илим жөнүндө кандай сөздөрдү айтты?! Илим жок да бүгүн. Акча гана окуйт, акча кандидат, доктор кылат. Мындай ачык сөз аябай керек болчу.

– Тескери образдагылар да чакырылыптыр…

– Биз көрдүк, бизди тебелеп-тепсеп, элдин байлыгын көтөрүп кеткен кишилер да отурду ошол жерде. Андан мурдараак мен филармонияда Султан Ибраимовду эскерүү жыйынына катыштым. Ошол жерде дагы бизди отургузуп кеткен кишилер сүйлөп атышты. Сөз берсе, мен минтип айтмакмын, «эй, аксакал, сиз эгерде мыкты болсоңуз, сиз мактап аткан Султан Ибраимовдой болсоңуз, биз момундай күндү көрбөйт элек. Эгер ошо киши тирүү болсо, бизди момундай күнгө алып келбейт болчу. Анын тазалыгы, улуулугу, көрөгөчтүгү жол бербейт болчу. Мына, силер баарыңар азыр мактап атасыңар. Мактоого сөз таппай, тим эле жалдырап атасыңар. Андай кишилер төрөлөт. Андай кишини коммунисттик партия тарбиялаган. Мен өзүм партийный кишимин, партбилетим дале чөнтөгүмдө жүрөт. Андан бери бир да партияга кошулган эмесмин. Коммунисттик партиянын уставын азыр да жактырам, азыр да ошол партия болсо, мен кошулуп кетмекмин. Себеби, ал элге күйгөн, элдин үнүн уккан партия эле. Азыркы партиялар эмне, кызыкчылык үчүн. Сен ага баланча миллион акча бересиң, ал сага баланча миллион кайрыйт. Мындай партия эч качан жакшылыкка алып келген эмес. Апкелбейт дагы!

– Ошол экстердин арасындагы «жегичтердин» аттарын атабасак да эл түшүнүп турганын билебиз го?

– Кечээ көрүп алып көп кишилер жипкирген болуш керек, ошолор да отурушту аксынышып… Спикер, мамкатчы болушту. Эмне калды артында? «Акмак» деген гана сөз калды. «Жүзү курусун ушунун» деген сөз калды. Ал эми Султан Ибраимовду ар бир кыргыз жакшы көрөт. Анын өлүмүнө кейийсиң, жасаган ишине суктанасың. Мындай адамдар бирөө-экөө эле, манжаң жетет. Ал эми жанагындай кишилер көп. Бир кап, эки кап. Келет, жалмаңдайт, жылмаңдайт, бирдекени айтымыш болот. Өзү да түшүнбөйт эмне айтып атканын.

– «Султан Ибраимовго баатырлык наамды бериш керек» деген демилгеге кандай карайсыз?

– Эми мындай да. Ага берсе эртең дагы бирөө чыгат. Анан бүрсүгүнү бирөө чыгат. Себеби, биздин акыл-эсибиздин жеткени ошол. Өзүнүн өрөөнүн, өзүнүн короосун гана айтып, «бул деле обкомдун катчысы болгон» дей берет. Ал эми анын кандай киши экенин билбейт, айтпайт. Тарыхта болсо болгондур, мен билбейм. Бирок, көзү тирүү кезинде сыйлаган жакшы. Анан өлгөндөн кийин өлүмдүн өзүнчө сыйы болот. Мезгил сынайт аны. Урматтап, ошолордун үлгүсү менен тарбиялаш керек. Султан Ибраимовду эскерүү жыйынында жаштар да отурушту, «бу кишини тааныйсыңарбы, билесиңерби?» десем, «биринчи жолу угуп атабыз» дешет. Ошондой деңгээлге жеткирбеш керек да. Сен «баатыр» дегенде эле эл билип кетпейт. Канча баатыр жүрөт? Андан көрө ошолор унутпагандай кылып билим бер. Онунчу класстардын окуу китебине киргизсе болобу? Болот. Ошон үчүн мен ары карап берсе экен деп, бери карап ар нерсени ойлойм да. Себеби, арты жаман болот. Баары чыгат. «Баланчага бериш керек, түкүнчөгө бериш керек» деп. Татыктуу кишини эмгегинен баалап алат эл.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: