Menu

Мелис Арып-Бек, журналист: Курултай эмес, баягы эле мансапкор саткындардын жыйыны болду

Бөлүшүү:

“Курултай эле, курултай”-дешип куркулдап жаткандардын курултайына атайын мандат аркылуу барып катыштым, атүгүл, сөз жарышка да катталгам, а бирок, сөз берилбеди. Анысына деле кейип кепчибедим. Негизи, бул курултай куркулдаган кузгун, таз жорулардын атайылап уюштурган уятсыз курултайы эмес, кезектеги көзбойомочул жыйыны болду. Эмне себептен дебейсинерби? Себеби, байагы эле тарпы чыккан, тасырайган талпагын сүйрөп алышкан, Акаевдин доорунан бери бийликтин арасында келатышкан, бийликтин акырынан жем аңдыган амалкөй, арсыз, самопал саткындар уюштуруп, алып барган жыйын болду. Ачыгын айтканда, азыркы ажыке ажону мактаган да даңктаган, анын бир жыл мурун такка олтурган күнүнө карата арналган, ашынган амалкөй курултай эмес, кошоматка малынган жийркеничтүү жыйын болду.

Эми кеп азыркы ажо Жээнбековдо деле эмес. Чындыгын айтканда, Сооронбай Шарипович айрым жасап жаткан иштери менен, албетте мактоого татыктуу. Өзгөчө эл аралык денгээлде абдан жакшы ийгиликтерге жетишти. Кадр маселесинде да, Улукбек Кочкоровко окшогон жаш кадрларды ишке тартып жатат. Кудасынын иниси бир кызматка илинди эле, ал жагы сынга алынганда, эртеси кызматтан кетти. Ачыгын айтсак, Сооронбай Шарипович канаттандырарлык иштерди баштап койду. Жарым жылдан ашуун Жээнбековтун колу-буту тушалуу болчу. Ал арамза, айлакер, ач көз Атамбаевдин калтырып кеткен ишенимдүү адамдарынын курчоосунда, чынжырланып турган. Акыры ал чынжырлардан бошонуп, кутулду. АША досу утулду, тутулду. Эми болсо, эки тизгин бир чылбырды өз колуна алып, өз ыктыяры менен иш алпарууга жетишти. Башка жол Жээнбековко жок болчу, абдан туура кылды, эл колдоду жана дагы колдойт ишенимдүү кадамдарын. Демек Атамбаев “досунан” көзкарандысыз болду. Атүгүл, эми экөө элдешкис жаттарга айланышып, ачык согушка аттанышты. Анын далили катары дал ушул дежурный жагымсыз, жансыз, жагалданган айрым жойпуланган жарандардын жасаган жыйыны болду. Кимдер бул жыйындын башында туруп, өздөрүн өздөрү билишип, өтүктөрүн төргө илишти?

Бульдозер аталган амалкөй, аксылык алты адамдын убалына калган, Бекназаров эмес кадимки эле Бокбазаров Азимбек. Акаевдин жердеши, кайсыл гана бийлик болбосун, тил табышып иштешкен Кеңешбек Дүйшөбаев. Даана сымаптай кармалбаган, куулук митаамдыгы ашынган саткын сасыткы Равшан Жээнбеков. Акаев жездесинин учурунда Мамлекеттик мүлктөрдүн башында туруп, нечендеген элдик мүлк байлыктарды менчикке чыгарып алган, анан Акаевдин көчүгүнө суу куйган амалкөй арсыз наадан экенин кантип жашырсак болот. Булардан амалы ашкан “канымда уйгур бар” – деген баягы эле арсыз саткын Турсунбек Акун ажы акбар. Кайрадан канткенде бийликтин бир бутагына илинем деп көзү кызарган Эмиль Каптагаевге окшогондор башында турушту. Өңчөй дүжүрнуйлар жарыш сөздө сүйлөшүп, бирин бири мактап жана даңктап турушту чиркин. Өзгөчө…

Өзгөчө, накта акшакалга айланган Кусейин Исаевдин сөзү: “Мен Азимбек Бекназаров менен сыймыктанам, себеби бул иним баардык жагынан мен үчүн үлгүлүү…”- деп, Бокбазаровду булуттун үстүнө узатып салды. Көрсө, жыйын өткөн мамлекеттик драмтеатрдын киреберишинде Кусейин Исаевдин бир нече жаңыдан чыккан китептери сатылып жатыптыр. А бирок, аларды эч кимдер сатып алмак турсун, көңүл бөлүшкөн жок. Дал ушул томдогон китептери жарыкка чыгыш үчүн колдогондорду айга-күнгө теңеп, мактап жатыптыр, ыйманын саткан акшакал Исаев Кусейин. Албетте…

Арасында сүйлөгөндөрдүн арасында анык акылмандар дагы болушту. Чыныгы аксакалдардан – Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер нукура кыргыз пейилдүү – Кемелбек Ашыралиевтер нускалуу сөздөрүн айтышып, алкыш алышты. Калп айткан менен болобу, ушул жыйынды уюштургандардын бири Кадыр Экибалиев – Кошалиевдин доклады саясаты жок нукура кыргыздардын салт-санаасы, нарк-насил, үрп-адатына кайрылып, ошол нукка түшүп, уюткулуу улуу журтту кайрадан түзөлүк деген ой мүдөөсү колдоого татыктуу. Ошондой эле ушул жыйындын президиумунда олтурган жаш саясатчы Айбек Бусурманкулов курч маселелерди көтөрүп, тайманбай так тастыктап айтты. Оштон келген адвокат айым Эмилбаева Мейилкан абдан олуттуу кыргыздардын гана кулк мүнөзүнө тийешелүү маселелерди козгоду. Атайын Ыйык Көлдүн “Саруу” айылынан келген Бөрүбашев мырза Садыр Жапаровдун абактан жөнөткөн катын окуп жатса, аны аягына чейин уктурушпай, убакытка шылтоолоп, микрофонду өчүртүп койду. Генерал Исмаил Исаков азыркы ажону аябагандай асмандатты чиркин. Кыргыздар кошоматтанып, мактап-жактап жатып жакшы башчыны да бузуп аларыбызды дагы бир ирет тасктыктады Исаков. Өзгөчө көйгөйлүү Кумтөрдүн экоцидине “Жашыл партиясынан” Кутманова Динара абдан жакшы жалындап сүйлөдү: “Миллиардаган кубометрге ташкындап толгон уу көл хвостохранилищенин ырайымсыз залакасы тийип жатканын каңжары түтөп айтты. Миллиардаган көк мөңгүлөр жардырылып, казылып ууланып жок болгонун жар салды…”. А бирок, бул тукумкурутка жалпы Орто Азия элдерин алып бараткан алааматты колдогондор болбоду, тилекке каршы. Кыскасы…

Кыскасы, бул Курултай эмес, чылгый кошоматка ширелген жыйындын максаты ачык болду. Дал ушул уюштуруучулар кечээ эле. Акаев, Бакиев , Отунбаева, Атамбаевтин коюн колтугунда жүрүшкөндөр, бүгүн болсо, аларды ашатышып боктошуп, өзгөчө Атамбаевти, ал эми жаңы бийликке төшөлүштү. Тилекке каршы…

Тилекке каршы, “эки достун” тирешүүсүнө ого бетер от жагышып, майдан тамызышты. Азыркы опурталдуу тирешүүнү канткенде басынтып, канткенде азаптуу ырчырга ырбатып, түндүк түштүккө элди атайылап саясатташтырып бөлүнтпөй, биримдикти кармап калабыз, канткенде курчуган кырдаалды жокко чыгаруу жолуна бир дагы негизги докладчылар маани беришпеди. Канткенде тымызын, каптаган кытай, түрк, арабдардын жылма митаам экспанциясынан чыгуунун жолун эч кимиси көтөрүп чыкпады. Чыныгы эл жери үчүн күйгөн айрымдарга атайыланып сөз кезеги берилбеди.

Ооба… Ачуу сын-пикир аба суудай керек. Ооба, АШАнын ашынган алдым-жуттумдуулугу, ачкөздүгү, митаам-куулугун үстөккө-босток кайталап каралашпаса да, карапайым калдайган калк ал жагын абдан жакшы билишет. А бирок, Атамбаевдин дагы алты жылда такта олтурганда, алгылыктуу жасаган жакшы иштери, издери да калды да. Ал жагын да, кара кылды как жарып айткан бири дагы болбоду. Бири дагы, канткенде, кендирди кескен жумушсуздукту, анын айынан кыргыздын жаштары дүйнө кезип тентип, ал жактан күналыста экиден-үчтөн өлүк келип жаткан көйгөйлүү маселелерге эч кимиси көңүл кушун бурушпады. Көңүл бурчулар буулугуп олтурушуп, көңүлдөрү кирдегенде, үмүттөрү үшүп, чыгып кетишти. Бир дагы докладчы, канткенде Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз, канткенде ыйык мөңгүлөр казылып, суулар ууланып жатканын, канткенде алтындан дагы башка кең байлыктарды казган жөөт, кытай, түрк, орус, казактар кокту-колотторду ээлеп алышып, жаратылышты жабыркатып жардырып, мөлтүр булак сууларды уулашып, жергиликтүү калкты ырайымсыз кырып жаткандарын бул ыплас жыйын эч көтөрбөдү. Миңдеген мечиттерди амалкөй арабдар жайнатып, кыргыздын жаштарын арабкулдарга, арам-пулдарга чуулуу Чубак шейх аркалуу айлантып жатканына эч көңүл бөлүнбөдү. Эмне деген кыянаттык, ырайымсыз ыпыластык. Агерде…

Агерде, мага убада боюнча сөз берилгенде, жок дегенде кыргыздын байыркы кулк мүнөзүнө, нарк насилине ылайыктуу Көк Теңирге таазим этип, бир Жаратканга сыйынган дили-дити, жан дүйнө дээрине айланган ТЕҢИРЧИЛИК динин создуктурбай каттодон өткөрүүнү сунуштамакмын. Азыркы ажо алгач ажылык вазийпасын эмес, көптөгөн улуттуу светтик мамлекеттин ажолук милдетин ачык абийир-ариети менен аткаруусун талап кылмакмын. А бирок, дүжүрнуй жыландай жылмышкан жыйын көптөгөн анык мекенчилдерге сөз бербей, бутту ачыктан ачык тосушту. Баягы эле ууру-кескин, мансапкор саткындардын жыйыны болду, урматтуу калайык калк…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: