Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын Клара Сооронкуловадан тышкаркы дагы бир мүчөсү – генерал Артур Медетбеков 12-декабрда парламентте окулган корутунду алар кол койгон документтен айырмаланып турганын билдирди.
Анын айтымында, депутат Тынчтык Шайназаров окуп берген докладда депутат Рыскелди Момбеков менен экс-депутат Равшан Жээнбековдордун ысымдары аталган. Комиссия мүчөсү Шайназаров докладында “Момбековду мурунку президент Атамбаев өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен катарына кошкон”, ал эми Р.Жээнбеков “Атамбаев коркок экен, спецназ келгенде, корголоп калды” деп айткандары болгон эместигин айтып чыкты.
“Биз кол койгон долбоордо бул ысымдардын аты аталган эмес эле, корутундуга да кошулган эмес болучу. Балким, Тынчтык Шайназаров тергөө амалдарын окуп жатып, Момбековдун ысымын атап жиберген окшойт. Биз Равшан Жээнбековду сураганыбызда, ал “Атамбаевди коркок экен” деп айткан эмес. Сөзмө сөз келтирсем: “Атамбаев куралдуу жигиттерден чочулап, бурчка жашынып калды” деп айткан. Бирок “коркок” деген сөз болгон эмес”, – деди Артур Медетбеков.
Ал Шайназаров доклад жасап жатып, өзүнүн пикирин кошуп жибергендей болгонун, бирок комиссия корутундусунда Р.Момбеков менен Р.Жээнбеков боюнча конкреттүү эч нерсе айтылбаганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Конституциялык палатанын мурдагы соту, аталган мамкомиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова да парламент жыйынында алар кол койгон корутунду окулбагынын айтып чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ