Menu

Мексика президенти АКШга баруудан баш тартты

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп эгер Мексика чек арада курулчу дубалдын чыгымдарын көтөрүүдөн баш тартса, мексикалык кесиптеши Вашингтонго пландалган сапарын токтотушу керектигин билдирген. Ошол эле күнү кечинде Reuters агенттиги Мексиканын президенти Пенья Ньето Трамп менен жолугуудан баш тартканын кабарлады.

АКШ менен Мексика президенттери кийинки жумада жолугушуусу керек болчу. Анда Кошмо Штаттардын жаңы президентинин билдирүүлөрүнөн кийин бузулуп кеткен эки тараптуу мамилелер талкууланат деп күтүлүп жаткан. Трамп ага чейин Мексика менен болгон чек арага дубал тургузуу жана эркин соода боюнча түндүкамерикалык макулдашууну кайрадан карап чыгуу ниетин билдирген.

“АКШнын Мексика менен болгон соода балансынын таңкыстыгы 60 миллиард долларды түзөт. Бул башынан эле бир тараптуу келишим болгон. Эгер Мексика өтө зарыл болуп турган дубалдын курулушуна акча төлөбөсө, анда алдыдагы жолугушууну өткөрбөй эле койсок жакшы болот”, – деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Ал чек арада дубал курууга уруксат берген жаңы буйруктарга шаршембиде кол койгон эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: