Menu

Башмыйзамды дагы кандай сыноолор күтөт?

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Кыргызстан Конституция күнүн белгиледи. Өлкөнүн башкы мыйзамы кабыл алынган күнү өлкө башчы жалпы мекендештерине куттуктоо сөзүн жолдоду. 24 жыл мурун 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынган.

Өлкө башчысынын куттуктоосуна караганда, биздин Башмыйзам баштап мурдагы советтик өлкөлөрдүн арасындагы эң бир демократиялуу жана прогрессивдүү Конституция болгон экен. “Бирок, кийинки жылдары андагы бийлик үй-бүлөлүк-кландык режимдин муктаждыгын камсыздоо максатында Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, жыйынтыгында, демократиялык баалуулуктарды жоготуп, эл көзүндө Башмыйзамдын кадыр-баркынын ылдыйлашына алып келди”,- деген сыяктуу маани камтылган Атамбаевдин куттуктоо сөзүндө.

Бирок, президенттин белгилөөсүнө таянсак, акыркы алты жылда өлкөбүз он жылга тете болгон жолду басып өтүптүр. Кыскасы, мурдагы бийликтер кетирген кемчиликтерди учурдагы бийлик жамап-жаскап, Конституциядагы элдин кызыкчылыгына кайчы келген мыйзамдарды кайра элге тууралаптыр. Былтыр өткөрүлгөн Референдум буга далил экен.

“Он жылга тете алты жыл” бир эсептен туура айтылды, абактар бийликке каяша айткан саясатчыларга толуп, өлкөнү билимдүүлөр эмес, эптүүлөрдүн армиясы башкарып калды. Ал эми Контитуциябыз… ал байкуштун оңдоло берип, тамтыгы чыкты. Эл кызыкчылыгы демиш болуп, өз кызыкчылыгын кыпчыган бийлик ээлеринин алы жеткени эле Башмыйзам. Мындай “өзүмдүк” өзгөртүүдөн учурдагы бийлик да четте кдлбады.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: