Menu

Айтматовду жайлаган Жыргалбек Азыловбу?

Бөлүшүү:

Бакиев бийлигинин тушунда жылдызы жанган Жыргалбек Азылов деген эргул бар. Бакиевдер менен коюн-колтук алышып жүрүп, алардын койнуна кирип, Нарын облусунун губернатору болууга жетишет. Бирок, ал орунга жөн жерден эле барып калган эмес. Бакиевдер тарабынан өздөрү үчүн бир миссияны аткаруу тапшырмасы коюлат. Ал тапшырма кыргыздын кен байлыкка бай жери Жетим-Тоону кытайларга сатуу тапшырмасы берилип, Азылов ал тапшырманы ойдогудай аткарып бергени боюнча эл арасында аңыз кептер бар. Бул эргулдун мындай чыккынчылык кадамын ошол убакта Нарын эли сындап, эл душманы катары кабыл алгаңдарын жергиликтүү тургундар ушул күнгө чейин айтып жүрүшөт. Мындан тышкары, «облус жетекчиси болуп турганда Нарындын суугуна чыдабай, ишти чабал аткарып, жүдөп-какап эле жүрчү» дейт жергиликтүү тургундар. Бул миссияны ийгиликтүү аткарган Азылов Бакиевдерден жаңы кызмат берүүнү, элчи болууну самаганын билдирип, Евросоюздун борбору болгон Бельгия Королевствосуна барууну суранат. Ал учурда Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Чыңгыз Айтматов эле. Айтматов ден соолугуна байланыштуу бир топ жылдан бери Европада иштеп келген, анүстүнө ал жактын абасы анын ден соолугуна ылайык болгонун билебиз. Мамлекеттин, кыргыз дипломатиясынын аброюн уруп ойнобогон Бакиевдер жеке кызыкчылык үчүн Айтматовго айтпастан, аны себепсиз кызматтан кетирип, ордуна Жыргалбек Азыловду дайындашат. Күтүлбөгөн жерден кызматтан алынган Айтматов ушул окуядан соң стресске кабылып, ооруп калганы боюнча маалыматтар айтылган. Демек, Азыловдун кесепетинен Айтматов о дүйнө салганбы?

Бүгүнкү күндө ушул Бакиевдин жүгүрүгү Азылов «сүттөн акмын» дегенсип, «Чүй коому» деген уюм түзүп, эбак аттары булганган жыйырмадай бакиевчилерди жана башка жеп-жутарларын чогултуп, «президент болом» деген айрым саясатчылардын эшигин каккылап жүргөнүн эшиттик. Ушундай саткындардан сак бололу, туугандар…

Биз Айтматовдун элчилик кызматтан алынганы боюнча дагы иликтөө жүргүзөбүз…

«Чындык»

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: