Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарына жумуш сапарынын жүрүшүндө Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «Бирдиктүү терезе» тутумунун иштөө системасын тааныштырды. Бөлүм жарандардын арыздарын кабыл алат, «Бирдиктүү терезе» тутуму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин борбордоштурулган программасына кошулган.

«Бюрократиялык процедуралар убакыттан уттуруп, жарандардын нааразычылыктарына алып келет. Карапайым жарандар, ишкерлер кандайдыр бир документтерди алууда ыңгайсыздыктарды сезбөөгө тийиш. Буга мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик органдар тарабынан көп иштер багытталган», – деди Премьер-министр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: