Кыргыздын аткаминерлеринин иш бөлмөсү ар кимисинин өз табитине жараша жасалгаланган. Кызыгы ошол иш бөлмөлөрдө ар кимдикинде ар башка улуу инсандардын портреттери илинген. Бул тууралуу атка минерлерибиз эмне дейт, өз ооздорунан угалы…
—Негизи кайсы гана жерде иштебейин расмий адамдардын сүрөттөрүн илгенди көп жактыра бербейм. Буга шарият дагы жол бербейт экен. Азыр иш бөлмөмдө Сары-Челектин чоң сүрөтү илинип турат. Астында балык салынган аквариум бар. Экөө айкалышып, көлдө балыктар сүзүп жүргөндөй таасир калтырат. Кабинетиме киргендер сөзсүз кооз экенин байкашса керек. Мурун Курманбек Бакиевдин сүрөтүн илчүмүн, азыр мамлекеттик кызматта иштебегенден кийин президенттин сүрөтүн илген жокмун.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ