Жалал-Абад шаардык мэриясынын 3 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталып, имарат карантинге жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден илдет табылганы белгилүү болгондон кийин, муниципалитеттин бардык кызматкерлери коронавируска тест тапшырышкан.
Мындан улам мэриянын кызматкерлери аралыктан иштөөгө жөнөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ