Menu

“Дөөнүн” бошотулушу жамандыктын белгиси…

Бөлүшүү:

Бир жумадан бери «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен белгилүү крим чөйрөнүн лөктөрүнүн бири катары саналган, 18 жылга соттолгон Чыңгыз Жумагуловдун эркиндикке чыгышы коомчулукта катуу реакция жаратты. Жогорку сот эркин­дикке чыгарган эмеспиз деп актанышса, карапайым калк райондук сот Жогорку сотгун чечимин тоготпой, оор кылмышка шектелип кесилген адамды кантип мунапыска шылтоолоп эркиндикке чыгарып жиберди дешип баштары катууда. Ички иштер министринин айрым генералдары болсо соттор кылмыш дүйнөсүнүн лидерлерин эркиндикке чыгаруу үчүн 50 миң долларга чейин акча алышаарын каңкуулашты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев: “Дөөнүн эрте бошотулушу жамандыктын белгиси”, – деп сыпаттады…

Ал арада “Дөө Чыңгыздын” “оң колу” ката­ры айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Жатак абак де­ген түрмөдөн чыкты деген эле сөз да. Болгону айына эки миң сом төлөйт, жумасына бир эле жолу барат. Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 жыл­га эркинен ажыратылган. Ал “адам уурдоо”, “уурулук”, “опузалап акча талап кылуу” жана “автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу” сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: