Акыркы эки күндө жаңы 23 адамдан таажывирус аныкталды, алардын ичинен 4 адам чет өлөлөрдөн келгендер. Калган 19 адам Кыргызстанын ичинде эле жүрүп чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымы боюнча, 19 учур жергиликтүү инфекция, тагыраак айтканда, ички жуктуруу. Алардын арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар.
“Кечээ дарыгерлер 3 кишини ооруканадан дарылап чыгарышты. Эки сутканын ичинде 4 жаш баладан таажывирусу аныкталып жатат. Ошондой эле 5 үй-бүлөдөн 15 жаңы учурлар катталып жатат. Биздин медициналык кызматкерлер ден-соолугуна, өмүрүнө коркунуч келтирип, бейтаптардын айыгып кетишине кам көрүп жатышат. Ал эми кимдир бирөө үй карантининдеги бардык чараларды толук аткарбай жатат” – деп билдирди Касымбек Мамбетов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ