Физика-математика илимдеринин доктору, профессор, экс-ректор, экс-министр, экс-депутат Каныбек Осмоналиев илим-билим менен алышып жүрсө Кыргыз улуттук университетинен: “Физика факультетине декандыка талапкердигиңизди коюңуз, колдойбуз, сиз өтөсүз” деп суранышып, көнбөгөн жерден болушпай макулдатышат.
Ошол арада принципиалдуулук адаты менен кайран киши Алмаз Атамбаевге ачык кат жазып, илим-билим тармагындагы алешемдиктерди бетке айта койбойбу. Кекчил бийлик 24-январда өткөн КУУнун Физика факультетинин деканынын шайлоосун баса калып, утуп бараткан профессор Каныбек Осмоналиевге каршы интригаларды уюштуруп, 34 добушту 17:17ден кылып, тең чыгарышат да, “эки талапкер да жыдып калды” деп шайлоону бузушат.
Ошентип бийлик шайлоонун “шайтан оюндарын” бир факультеттин деканынын шайлоосуна чейин түшүрүшүп, профессор Каныбек Осмоналиевдин шагын сындырышты. Эмнеге бийлик мынчалык майдаланды?
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ