Өткөн жумада АКС башчысы Сагынбек Исмаиловду каралаган макала ЖМКларга тарап, кайсы бир деңгээлде кудүк ойлорду жаратты. Анан биз да кызыгып, бул фигура боюнча авторитеттүү генерал, полковниктерден сураштырсак, баардыгы бир ооздон Исмаиловду принципиалдуу, профессионал кадр экенин баса белгилешип, мамлекет үчүн таза иштей турганын да кошумчалашты. Көрсө, «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт»дегендей, көралбастар каралоого алып атышыптыр. Мамлекетти келемиштей кемирген уурулардын үркүп кеткени ушул да, туурабы?.. Эмесе, сөздүн кыскасы жакшы эмеспи, жогорку жетекчилик атайын ишеним артып, буга чейин «ирип-чирип» кеткен АКСти тазалатууга, ошондой эле коррупцияга каршы аёосуз күрөшүү үчүн Сагынбек Исмаиловду көтөрдү. Эми күтө туралы, убакыт берели да, сындаганга кийин деле жетишебиз…
Сакен БӨРҮБАЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ