ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полку милициянын майору Рысбек Майрамбековдун жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча турнир өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда 2019-жылдын 21-22-июнь күндөрү кызмат өтөө учурунда курман болгон милиция кызматкери, милициянын майору Майрамбеков Рысбек Бакасовичтин жаркын элесине аргалган кичи футбол болуп өттү.
Аталган мелдешке Бишкек шаарынан 6 команда катышып, мелдештин аягында жеңген командаларга акчалай сыйлык жана кубок тапшырылды.
Мындай мелдештердин өтүп жатканы милиция кызматкерлерин шердентип, дени сак болууга шыктандырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ