Menu

Түрмөнстандын “көмүскө базарларында” доллардын курсу рекорддук чекке жетти

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда АКШ долларынын наркы легалсыз акча алмаштыруу жайларында жаңы рекорд койду. Дүйшөмбүдө Ашхабаддын “көмүскө базарларында” долларды сатып алуу 11, сатып алуу 11,5 манатты түздү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, чет өлкөлүк валюта “көмүскө базарларда” 17-январдан тарта жогорулай баштаган. Шейшембиде доллардын курсу 12 манатка чейин жетти.

Ашхабаддык баяндамачы Аманмырат Бугаев доллардын наркы буга чейин мынчалык көтөрүлбөгөнүн белгиледи.

Жаңы жыл алдында 1 доллардын курсу 9,8-10,4 манатты түзгөн.

Түркмөнстанда расмий түрдө акча алмаштырууга 2016-жылдан бери тыюу салынган. Түркмөнстан Борбордук банкы доллардын расмий курсун 3,5 манат деп 2015-жылы ноябрда бекиткен жана бул көрсөткүч үч жылдан бери өзгөрө элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: