Menu

Видео – Казак өкмөтү Соцфондун акчасына үрөөн сатып алат

Бөлүшүү:

Казакстан өкмөтү жана Улуттук банк социалдык камсыздандыруу фондунан  60 миллиард теңге (180 миллион доллардан ашуун) алып, “КазАгро” холдингинин ишмердүүлүгүнө жумшоону пландоодо. Бул маалыматты Казакстандын айыл чарба министри Умирзак Шукеев тастыктады.

Шукеевдин айтымында, Социалдык камсыздандыруу фондунда чогулган каражаттын 10 пайыздан кем эмес бөлүгү “КазАрго” холдингинин облигацияларын сатып алууга жумшалат. “КазАрго” бул каражатты коммерциялык максатта – үрөөн сатып алып, кайра сатуу үчүн колдонот.

Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунда триллион теңгеден ашуун акча бар. “Биз үрөөндү эң арзан баада сатып алабыз. Аны кайра сатып, акчаны кайтарабыз”, – деди Шукеев.

2014-жылы Казакстан Бирдиктүү пенсия топтоо фонду 71,3 миллиард теңгеге (225 миллион долларга жакын )Азербайжан эл аралык банкынын баалуу кагаздарын сатып алган. Былтыр майда аталган банк дефолтко учураганы маалым болгон. Казак бийлиги каражатты кайтаруу боюнча келишим түзүлүп жатканын кабарлаган.

Казак өкмөтү социалдык фондун акчасын тобокелдүү долбоорлорго жумшап жатканы үчүн сынга кабылды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: