Menu

Аткаруу бийлигиндеги кызматкерлердин 10% азайтуу каралууда

Бөлүшүү:

Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат.

Эсенгуловдун айтымында, штатты кеминде 10 пайызга азайтуу жагы каралууда:

– Комиссия өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу, функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында түзүлдү.

Комиссиянын иши аяктаганча бош кызмат орундарына жаңы кызматкерлер кабыл алынбайт.

Аткаруу бийлигинин системасын реформалоо өкмөттүн “Жаңы доорго 40 кадам” программасынын алкагында жүргүзүлөт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: