Үч телекомпания Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлеринин теледебаттарын өткөрүүгө даяр Борбор калаанын мэрлигине талапкерлердин теледебаттарын өткөрүү үчүн өз студияларын үч телекомпания – КТРК, НТС жана “Сентябрь” телеканалдары берүүгө даяр. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катчылыгынан билдиришти. “Бүгүн мен теледебаттарга катышуу үчүн Албек Ибраимовго расмий кат жөнөттүм. Ага үч медиа аянтча сунушталууда – КТРК, НТС жана “Сентябрь” телеканалы, ылайыктуусун тандап алсын. Бүгүн үч телекомпания тең мэрликке талапкерлердин теледебаттарын өткөрүп берүүгө даяр”, – деп билдирди Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ