Menu

Бишкек шаар мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев: “Албек Ибраимовду дебатка чакырам”

Бөлүшүү:

-Айрымдар сизди шайлоого болгон катышууңузду каршылашуу катары кабыл алып, ал гана эмес, номиналдуу гана деп эсептешуудө. Бишкек шаар мэрин шайлоого кандай максат менен катышып жатасыз?

-«Өнүгүү-Прогресс» партиясы системдик жол менен кетип, дайыма альтернатива сунуштап келген. Эсиңиздерде болсо керек, мэрдин акыркы шайлоосу альтернативасыз өткөн. Бул жолу Бишкек шаардык кеңеши эки талапкерге добуш берет жана мен депутаттарды өз жагыма тартуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Менин максатым – борбор калаа мэрии шайлоодо жеңип чыгуу.

-Жеңишке жетүүгө реалдуу шанстарыңыз канчалык?

-Шанстар эң эле реалдуу. Бирок шайлоо акыйкат жана атаандаштыкта өтүү үчүн негизги шарт камсыздалышы керек. Бул – жашыруун добуш берүү.

-«Өнүгүү-Прогресс» партиясы Бишкек шаардык кеңеште 45 мандаттын ичинен 8 мандатка ээ. Эмне себептен өз күчүңөргө ушунчалык ишенип жатасыздар?

– Көпчүлүк коалициясын бирдиктүү уюшкандагы биримдик деп кабыл албашыбыз керек. Коалицияда ар түрдүү пикирлер жана позициялар бар. Коалициянын ичиндеги депутаттар КСДПнын талапкерин колдобой да коюшу ыктымал. Ошондуктан добуш берүү сөзсүз түрдө жашыруун болушу керек. Мисалы, шаар кеңешке вице-спикерди шайлап жатышканда, «Өнүгүү-Прогресстин» талапкери Асел Куланбаева 8 эмес, 13 добуш алды. Биз үчүн бул альтернативаны сунуштап, жеңиш үчүн күрөшүү керек деген ачык белги.

– Жашыруун добуш берүү шартында депутаттар сиздин талапкерлигиңизди колдоду дейли. Андан аркы пландарыңыз кандай болот?

-Бишкек шаардык кеңештин ар бир фракциясына шаарды өнүктүрүүнүн программасын презентация кылуу сунушу менен каттарды жөнөттүм. Ошондой эле биз депутаттар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мен алардан колдоо жана оң жоопторду алып жатам. Айрым депутаттар туруктуу кол­доо көрсөтүүсүн билдиришти. Ошондуктан жашыруун добуш берүү абдан маанилүү деп кайталап өтөйүн.

-Азыркы мэр Албек Ибраимовдун ишин кандай баалайсыз?

-Мэрдин ишине шаар тургундары баасын бериши керек. Мен талапкер катары мэр саясий атаандаштык бар жерде жакшыраак жана эффективдүүрөөк иштейт деп эсептейм. Ошондуктан Албек Ибраимовду ачык дебатка чакырып жатам. Дебаттар түз эфирде өтүшү керек, анткени бардык бишкектиктер көрүп, өз тандоосун жасайт эле.

-Албек Ибраимов бул чакырыкка жооп берет деп ойлойсузбу?

-Мэрия маалыматтык талаада өзүн абдан ишенимдүү позициялап жатат. Эгерде алар чынында өз ишин так аткарып жаткан болсо, анда корко турган эч нерсе жок.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: