Menu

Иса Өмүркулов баштаган жетекчилер түбүнө жеткен Кыргыз-темир жол ишканасы биротоло жок болобу?

Бөлүшүү:

Иса Өмүркулов, Нари­ман Тулеев, Аргынбек Малабаевдер түбүнө жеткен Кыргыз- темир жол ишканасы биротоло жок болуп кетүү коркунучунда турганы талашсыз. Элдин убал-сообунан коркпогон жетекчилер, түшкө кирбеген коррупциялык иштерди жасап, акчаны самандай сапырып жатканын бийлик тарап карап койсо боло. Аттиң, кекиртегин тыя албаган адамдар Кудайдан да коркпой калышат тура. Жаңы жылдын башталышы менен аталган ишкана техникалык оңдоолор үчүн керектөөгө 7 миллиондон ашык акча бо­луп берээрин жарыялады. Техникаларды оңдоого кетире турган каражаттын суммасы базардан сатып ала турган автоунаанын баасына тете акчалар. 7 миллион сом коротуп оңдоого берүүчү 11 автоунаалар: Daewoo Espero, Dodge (пикап), Honda Odyssey, Mercedes- Benz E320, Mercedes-Benz 500, Daymler-Crysler 430, Daymler-crysler 550, Audi 100, Toyota Mark II, Toyota Land Cruiser и Nissan March. Ошондо булар бир машинени 300-400 миң сомдун тегерегинде оңдотуп жатышпайбы. Кудайды карашса боло, кыргыз элин мал ойлошобу? Кекиртегине кылкан тыгылгырлар, жесеңер да кичине маданияттуураак, эл ишене тургандай кылып жесеңер боло. Транспорт министрлиги эмнени карап жатышат же алар да кошумчабы? Жаза берип чарчадык, оңолбой калдык го оңолбой…

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: