Menu

Узар Жылкыбаев “Ыссык-Көл”фондунан 28 миллионду чыгарып кетмекчи болгонбу?

Бөлүшүү:

“Ысык-Көл” өнүктүрүү фонду эптүүлөрдүн акырына айланганы азыркы күнгө чейин айтылып келгени келген. Асты камака алынып жатышса дагы, арты фонддун акчасын өөнөп калууга дагы эле аракеттерин жасап келишкендей. Фонддун бир топ кызматкерлерине кылмыш иши козголгондон бери, Ысык-Көл областтык ыйгарым укуктуу өкүлү Узар Жылкыбаев, ЖКнын депутаты Данияр Аттокуровдун ысымдары көп айтылчу боллу. Жакында “Ыссык Көл” өнүктүрүү фондундагы коррупциялык иштер боюнча пресс-конференцияда экс-президенттин эки кадрына карата оңдуу сөздөр айтылбады. Жылкыбаев өзүнүн досу Садыралиев Рустамды фондго директор кылып шайлады эле, ал жети миллионду жеп койду болуп иш козголуп, иштен кеткенине карабай Жылкыбаев “алтын, Кумтөр десе эле, ал жерге географияга байланыштуу болуш керек” дегенби география мугалими досу Осмонов Алмазды директорлука, тарых мугалими Мамбеткулов Актанды орун басарлыка бекитет. Ошентип, аталган эки “кадр” туугандарын фондго тыга башташат. Натыйжада Жылкыбаевдин туура эмес кадр саясатынан удам фонддо коррупциялык иштерге жол ачылат. Жылкыбаев өзү дагы алтындын акчаларын айланчыктабаса, эмнеге “Облусттук мекемелер боюнча 2018-жылы каржылануучу объектилердин тизмесинде “Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн материалдык техникалык базасын чыңдоого” фонддон 28 миллион (28 572,5) бөлдүрүүнү планга кийирген. Бул максатта жыл сайын фонддон 8 миллионго жакын каражат бөлүнсө, мамлекеттик бюджеттен дагы жыл сайын ошонун тегерегинде акча каражаты которулат. Ал акчалар кимдин сол чөнтөгүнө солонот? Тиешелүү укук коргоо органдары тез аранын ичинде жогоруда жазылган маалыматтарга көңүл бөлүп, Жылкыбаевдин, анын артында турган Данияр Аттокуровдун сары изине түшпөсө болгудай эмес…

Асылбек Бектенов, “Эл деми”

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: