Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге медициналык кароодон өтүүнүн кереги жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда УКМКнынн басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Алмазбек Атамбаевдин күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ден-соолугуна нааразычылыгы жок.
Эске салсак, 22-майда Атамбаевдин уулу Сейит атасынын ден соолугу кескин начарлап кеткенин айткан.
Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев айыпталуучу катары бир нече кылмыш иши боюнча өтүп жатат. Алардын ичинен: Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жана 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча. Учурда сот процесстери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ