Бүгүн, 1-майга карата 10 адамдан коронавирус аныкталды, анын ичинде үчөө медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Коронавирусту жуктуруп алган 4 медициналык кызматкерлер:
– Бишкек шаарында – 2,
– Нарын облусунда – 1 катталган.
Ошентип, коронавирусту жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 198ге жетти. Алардын ичинен 114 кызматкер оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ