Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча Аскер прокуратурасына кайрылды. Бул тууралуу ал өзү журналисттерге билдирди.
“Кечээ, 14-октябрда мен Аскер прокуратурасына бул кырдаалды текшерип, райондук соттун чечимин аткарбай, Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарбай жаткан аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн билдирүү калтырдым”, – деди Жоошев.
Белгилей кетсек, кечээ, 14-октябрда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин маалымат жыйын берди. Жыйында ал Атамбаев тууралуу өз ой-пикирин айтты.
Анын айтымында, соттун чечими чыкканга чейин Алмазбек Атамбаевди абакка камабай эле, үй камагына чыгарышса дейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ