Бүгүн, 27-октябрда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө маселе каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.
Фракция лидери Бакыт Төрөбаев фракция Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына 1 гана талапкерди сунуштай алаарын айтты. Себеби Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыктан жалпысы 3 талапкер сунушталат. Маалыматка ылайык, фракциянын кароосуна Акылбек Абдыкадыров, Гүлжан Кошокова, Алайбек Кожомкулов, Болотбек Сатыбалдиев, Айдай Токомбаеванын документтери келип түшкөн.
Фракция жыйынынын соңунда Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына Алайбек Кожомкуловдун талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ