Menu

ИИМдеги “крыса” Абдил Сегизбаевдин аталаш тууганы экен

Бөлүшүү:

Мамлекетге коопсуздукту камсыз кылып, жарандардын укугун коргойт деген ички иштер министрлигинин кызматкерлери өздөру мыйзамсыз иштерге аралашып жаткандыгы бүгүнкұ күндө көнүмүш эле адат болуп калган. Өткөн жумада Жогорку Кенеште Башкы прокурор Ө.Жамшитовго депутаттардын бири өлкөбүздө кайсы орган коррупциялашкандыгын сураса, ал “Ички иштер министрлиги” деп жооп бериши да таң каларлык болду. Эми “ИИМ эмнеге мынча өзу коррупцияга белчесинен баткан?”- деген суроо жаралат. Көрсө, “балык башынан сасыптыр”. Кайсы бир “шабашкалуу” кызматка жетекчилерди дайындоо жана башка акча өндүрмөй иштердин артында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жакында кызматтан алынган башчысы Скандарбек Көчөрбаев турат экен. Жакында бул “крысанын” коррупциялык иши ачыкка чыгып, кылмыш иши козголду. ИИМдин ар кайсы тармагында иштеген кызматкерлер менен ардагерлер президентке, Коопсуздук Кенешине массалык түрдө кат менен кайрылып, С.Көчөрбаев жүздөгөн кызматкерлерди мыйзамсыз иштен бошотуп, кадрларды кызматка алууда мыйзамсыз пара чогултканы, милициядагыларга мыйзамсыз салык салганы тууралуу кабарлашкан болчу. Бул боюнча атайын кызматтык иликтөө жүрүп, натыйжада анын мыйзамсыз ишмердиги аныкталган жана кызматынан алынып, иликтөө материалдары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн болчу. С.Көчөрбаевге мурда да үч жолу кылмыш иши ачылып, белгисиз жагдайда кайра жабылгандыгы белгилүү болду. Көрсө, ал УКМКнын мурдагы төрагасы А.Сегизбаевдин аталаш тууганы экен…

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: