Menu

Тажикстан айылдарында Home stay системасы ишке кирүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын тоолуу аймактарынын жашоочулары турак жайларын home stay эс алуу жайларына айландырышууда. Туристтер үчүн мындай үйлөрдүн баасы 10-20 долларды түзөт.

Home stay – коноктордун бир үйдө кожоюндар менен жашоосу. Турак жай ээлери башка өлкөдөн келген кишилер менен баарлашып, өз өлкөлөрү тууралуу маалымат берип, меймандостугун көрсөтүшү керек. Home stay кожоюндары адатта туристтерге улуттук тамак-аштарды даярдап беришет.

​“Чет өлкөлүктөр мурун биздин үйгө түнөп кетишчү, бирок биз акча алчу эмеспиз. Жыл башында туристтик компаниялардын бири турагыбызды home stay жайына айлантууну сунуштады, биз макул болдук”,- деди Айни районунун жашоочусу Субхиддин Маликов.

Анын айтымында, эми коноктордун ар бири 20 доллардан төлөй баштады. Жайында анын үйүнө жумасына 10-15 киши келет.

Туризмди өнүктүрүү комитетинин маалыматы боюнча БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагында home stay системасы Хатлон жана Согди облусунун тоолуу аймактарында ишке кирүүдө.

Туристтерге өзгөчө мургабдык кыргыздардын боз үйлөрү жагат. Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандын тоолуу райондорунда жүздөй тургун дал ушул система менен иштөөдө.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: