Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
“Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында белгилүү саясий ишмер Мукар Чолпонбаев көз жумду. Экинчиси болсо, Жайыл аймактык оорукананын инфекция бөлүмүндө 67 жаштагы жаран COVID-19дан кайтыш болду” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Бүгүнкү күндө оорудан улам каза болгондордун саны 16ны түздү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ