Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы болуп Руслан Касымов дайындалды. Тиешелүү буйрукка 10-мартта Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кол койду.
Жаңы жетекчи буга чейин Биринчи май райондук салык кызматында бөлүм башчысы болгон.
Белгилей кетсек Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын мурунку жетекчиси 9-мартта кызыкчылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жумуштан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ