Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо боюнча комитети 31-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында болгон окуя боюнча өкмөттүн маалыматын угууда.
Жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аталган маселени жабык эшик артында кароону сунуштады. Бул сунушту комитеттин мүчөлөрү колдоду.
Белгилей кетсек, 31-майда болжол менен саат 12:30да Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекбекстандыен Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр-чатак чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Эки элдин ортосундагы чыр чатак Чечме айылындагы булакты биргеликте тазалап жатканда чыккан. Анда алар “булак бизге таандык” деп, сөз талашып, уруша кетишкен.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ