Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 7-июнда Ички иштер министрлигине сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканага жеткирилген Зарылбек Рысалиевдин абалы «орточо оор» бойдон. Эл өкүлүн врачтар ооруканадан чыгарбай дарылоо зарылдыгын айтышып, Кыргыз улуттук курортология институтуна, башкача айтканда Воронцовкадагы калыбына келтирүү борборуна которушту. Айрым маалыматтар боюнча тергөө органдары Рысалиевди ооруканадан чыкса эле камакка алууга шымаланып турушканы белгилүү болду. Эми бул аша чапкандык.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ