2019-жылдын 1-январынан тарта Казакстанда айлык акылар менен пенсиялар жогорулады. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министринин сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү минималдык айлыктын өлчөмү 26 миң теңгеден (72 доллар) 42 миң 500 теңгеге (110 доллар) чейин жогорулайт. Бул өзгөрүүлөр жалпысынан 1 миллион 300 миң казакстандыкка тиешелүү болору айтылууда.
Мындан тышкары тилектештик жана базалык пенсия көлөмү дагы көбөйөт. Алсак, тилектештик пенсиясы жети пайызга же 36 108 теңгеге чейин (93 доллар), ал эми базалык пенсия беш пайызга же 52 145 теңгеге (135 доллар) жетет.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ