Menu

Кыргызстан Кытайга эң көп карыз беш өлкөнүн катарына кирди

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Тажикстан сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн өкмөттөрү Кытайга мурда божомолдогондон да көп карыз экени айкын болду. Бул тууралуу 4-ноябрда Eurasianet порталы Улуттук экономикалык изилдөөлөр бюросу (NBER) жарыялаган “Кытайдын чет өлкөлөргө кредит берүүсү” деген докладына шилтеме салып, кабарлап олтурат.

Кытайдын бардык кредиттеринин тең жарымы коомчулуктан жашырылган, анткени КЭРде эсептин ачык эмес системасы орун алган.

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча 10 жылдын (2016-жылдан бери карай) аралыгында Кытайдын көмүскө каржылоосу 200 млрд доллардан ашып кеткен.

Ал эми карыз өлкөлөр Кытайдан канча карыз, кандай шартта алганы жөнүндө толук абалды өздөрү да билбейт.

Изилдөөдө Кытай алдында эң көп карыз алган өлкөлөрдүн тизмеси келтирилген. Кыргызстан 5-орунда (Ички дүң продукциянын 30%ын түзөт), Тажикстан – 20%, Түркмөнстан – 23%, ал эми Өзбекстан – 40%. Ошону менен катар ачык-айрым болбогондуктан, карыз көлөмү атайын төмөн көрсөтүлгөн, бул кандайдыр бир тобокелчиликтерди жаратаары белгилүү.

Изидөөлөрдүн авторлорунун пикиринде, өз карызынын тактыгын билбеген өлкө эми карызын жабууну пландоого өтө кыйын болот. Муну алдын ала айтууга болбогону – Кытай көбүнесе коммерциялык ставкалар менен (өзгөчө 2000-2017-жылдардагы кредиттердин жарымы) жана доллар түрүндө (кредиттердин 85%ы) кредит берет. Улутук валютасы алсыраган өлкөлөргө долларлык кредитти жабууга оор эле, мисалы, тажиктердин сомонинин куну 76 пайызга, ал эми кыргыз сому 32 пайызга төмөндөп кеткен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: