Алмаз Атамбаев күч органдарындагы кадрларын алмаштырууну улантып жатат. Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын начальниги менен Улуттук гвардиянын командачысын алмаштырды.
Эми узун кулактардын укканына караганда жакын арада УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев кызматынан кетип, анын ордуна Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров УКМКнын төрагасы болуп барат экен. Ал эми Темир Жумкадыровдун ордуна Алмаз Атамбаевдин кеңешчиси, карт чекист Бусурманкул Табалдиев конот дейт.
УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин “Элдик парламент” өкүлдөрүнө буга чейин жасаган чечкинсиз аракеттерине нааразы болгон Алмаз Атамбаев ушундай чечимге келиптир. Бирок, кайниси Сегизбаевди деле жанынан алыстатпай, ошол эле Бусурманкул Табалдиевдин ордуна өзүнө кеңешчи кылып алат экен.
Ошондой эле Ички иштер министри Мелис Турганбаевди да алмаштырат деген кеп тарады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ