Кечээ, 25-сентябрда ЭлТР телеканалында “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Социал-демокттар” жана “Кыргызстан” партиясынын лидерлеринин дебаты болуп өттү. Бирок, кээ бир партиялардын лидерлери үгүт иштерине байланыштуу аймактарда жүргөндүктөн, теледебатка келе алышкан эмес.
Дебаттын экинчи раундунда тараптар бири-бирине суроо берип, жооп алышты.
“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Алманбет Шыкмаматов “Кыргызстан” партиясынан талапкер Асел Атабековага суроо узатты.
“Программаңыздарда 2 приоритетти айтыпсыздар. Биринчиси – кадрдык саясат. Силер парламентке келип, көпчүлүк коалицияга кирип Дастан Жумабековду премьер-министр, 2023-жылы президенттикке талапкер катары чыгарып жатканыңыздар тастыктап бере аласызбы?” – деп сурады Шыкмаматов Атабековадан.
“Биз парламентке келгенде көпчүлүк коалицияга кирерибизге толук ишенебиз. Экинчи сурооңуз боюнча, мен ага талапкер катары макул эмесмин. Бизде мындай суроо көтөрүлгөн да эмес. Биз жалпы программа боюнча иш алып барып жатабыз” – деп жооп берди Асел Атабекова.
“Лидер келсе өзү жооп бермек. Сиз аны билбейсиз” – деди Алманбет Шыкмаматов.
https://www.facebook.com/elkanaly/videos/3379962855415740
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ