Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт, тоо этектеринде жана Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: 0…+5, күндүз: +3… +8,
Таласта түнкүсүн: -4…+1, күндүз: +3…+8,
Баткенде түнкүсүн: +1… +6, күндүз: +9…+14,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +9…+14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -4…+1, күндүз: +7… +12,
Нарында түнкүсүн: -1…-6, күндүз: +6…+11,
Бишкекте түнкүсүн +2…+4, күндүз: +6…+8.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ