Милициянын генерал-майору, Кыргыз Республикасынын Генералдар клубунун төрөгасы Дубанаев Садырбек Мамбеталиевичке “Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул наамды Садырбек Мамбеталиевичке КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түлөбаев Балбак Зарлыкович тапшырган.
Облус башчысы Балбак Зарлыкович Садырбек Мамбеталиевичтин КРнын укук коргоо органдарынын түзүлүшүнө чоң салымын баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Гербинин авторлорунун бири катары мамлекеттин алдында эмгектери зор экендигин билдирген.
Өз кезегинде Садырбек Дубанаев символду түзүүдө Асеин Абдраев экөөбүздөн сырткары өздөрүнүн сунуштарын киргизген көптөгөн адамдардын эмгеги бар экендигин кошумчалаган.
Милициянын генерал-майору облус башчысына өтө маанилүү сыйлыкты тапшырганына ыраазычылыгын билдирген.
«Ысык-Көл облусунун Ардактуу атуулу” наамы Садырбек Дубанаевге социалдык-экономикалык чөйрөдөгү эмгеги, коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө жана Ысык-Көл облусунун калкынын интеллектуалдык жактан өнүктүрүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.
Белгилеп кетчү жагдай, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун кулуну Садырбек Дубанаев 1994 2001-жылга чейин Нарын ОИИБди, андан соң Жалал-Абад ОИИБди башкарган. КРнын Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2002-2007-жылдары КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. КРнын Гербинин авторлорунун бири.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ