Menu

Балбак Түлөбаев, “Аю” холдингдин вице-президенти: “Изатка гана эмес, баардык спортчуларга машина, батир белек кылып кубанткыбыз келет”

Бөлүшүү:

Рио-Де-Жанейродогу олимпиадада жалгыз медалга оор атлетчи Изат Артыков ээ болгон. Ошол жаңыдан медалга ээ болуп, ар бир кыргыз кубанып жатканда “Аю” холдинги спортчуга жана машыктыруучусуна бир бөлмөлүү батир убада кылышкан. Ошол убаданы аткаруу максатында холдингдин вице-президенти Балбак Түлөбаев кечээ спортчуга эки бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Бул жакшылыкты улай Балбак мырзаны кепке тартып, компаниянын спортко көрсөткөн жардамдары, жетекчиси Шаршенбек Абдикеримовдун жасаган иштери тууралуу кенен маектештик.

— Балбак байке, кечээ спортчу Изат Артыковго медалынан ажырап калганына карабай эки бөлмөлүү батир белек кылдыңыздар. Эл алдындагы берген убаданы аткарып коёлу дедиңиздерби?

— Негизи медалынан ажырап калгандан кийин, укук жагынан алганда Изатка батирди бербей деле койсок болмок. Бирок Изат биз үчүн чынында чемпион. Ошол убакта кыргыз желегин көтөрүп, сүйүнүчү, кыргыз элине жасаган жакшылыгы бул дагы чоң жетишкендик. Чынында эле батирди белек кылалы деп ниет кылып олимпиадага спортчулар жөнөп жатканда 3-орунга чейин машине, машыктыруучуларына дагы батир деп убада кылганбыз. Азыр дүйнөдө баары саясатташып, чоң өлкөлөр үстөмдүгүн салып жатышат. Акыркы окуяларды карасаңар Россиянын, Американын жана башка чоң мамлекеттердин спортчуларынан деле допингдер чыгып жатат. Биздин бир балабыз медаль алса аны алып коюшту. Изат эч нерсе колдонгон жокмун деп айтып жатат. Азыр жаңы эле наристелүү болуптур, келечекте дагы иштейм деп жатат. Ошонун баарын эске алып эки бөлмө батир берели деген чечим чыгардык. Бул биздин чечим. Биздин чечимди сыйлабагандар өздөрү билсин. Биздин холдинг акыркы 5 жылда спортко 1 млн доллар бөлүп берди. Негизинен күрөшкө бердик. Мындан тышкары шахматка, самбого, марафондорго дагы жардам берилип жатат. Мамлекетке эле жарым миллиард сом салык төктүк. Биздин негиздөөчүбүз Шаршенбек Абдикеримов бөлүшкөндү жакшы көрөт. Ал дайыма “эл ток болсо, биз дагы ток болобуз”-деп айтат. Чет өлкөдөн түшкөн акчалардын баарын кыргыз экономикасына салып жатат. Муну менен эле холдингдин спортко жардам берүүсү токтоп калбайт. Колубуздан келишинче жардам бергенге аракет кылабыз.

— Ошол эле убакта машыктыруучуларына дагы батир убадаланган. Ал эмне болду?

— Азырынча эч нерсе деп айта албайбыз. Себеби биздин да чамабыз чакталуу. Бизнесте дайыма акча жүгүрүп турушу керек. Аларга дагы Кудайдын айтканы болуп калаар.

— Изаттын кубанычы чексиз болду окшойт?

— Аялы, бала-бакырасы жылуу жерде олтурса санаасы тынч болуп, машыгуусу жакшы болот да. Буйруса Изаттан алтын медаль үмүт кылабыз. Аягына чейин айтпай сыр кылып кармап турдук. Эгер дагы утса машине, батир бергибиз келет. Бир гана Изатка эмес, баардык спортчуларга машина, батир белек кылып кубанткыбыз келет. Колдоо болсо спортко дагы тартылгандар көбөйөт. Башка спортчуларга Изаттын жетишкендиги чоң стимул болуп берет го.

— Көчмөндөр оюнуна канча сомдук демөөрчүлүк кылдыңыздар?

— Жалпысынан алардын эсебине 3, 5 миллион сом накталай акча которуп бердик. Андан кийин жарнамалык түрдө, продукциябыз менен да берип жаттык. Баардыгын кошкондо 5 миллион сомдун тегерегинде акча жардам бердик. Көчмөндөр оюну кыргыздын рухун, духун жандандырган оюн болду. Ушунча жүрүп мен мындай жакшы саамалык көргөн эмесмин. Жанымда түрктөр сыймыктанып суктанып олтурушту. Көп адамдар азыр тойлоп эле кетип калышты, акча короттук деп чыгышты. Көп болсо 20 миллион доллар. Бирок анын келечегин да карашыбыз зарыл. Ошол жерден стадиондун ичинде 10 миң, 5 миң сыртында турду. Миң эле сомдон таштаса бери дегенде эле миллион болуп кетпейби. Сырттан келип катышкандар, коштоп келгендер баары 5 миңди чапчыды. Мейли алар 500 доллардан таштаса укмуш акча болот да. Ысык-Көлдүн элине жардам болду. Баардык акчаны Кытайга алып кетип жатышыптырбы? Бул деген келечекке инвестиция да. Бул деген түшкө кирбеген нерсе. Ошондуктан Атамбаевге, өкмөткө, көлдүктөргө, Сапар Исаковго, журналисттерге рахмат. Эми Нью-Йорктон, Вашингтондон, Токиодон, Стамбулдан эл агылып келет. Италиялык бир журналист “Мен Кыргызстандан кетким келбей жатат, кетирбей эле койгулачы”-деди. Америкалыктар менен россиялыктар качан көк-бөрү ойногонун көрдүңөр эле. Америкалык бир спортчу көк бөрү жүрөгүмдө калды деп айтты. Келечекте кыргыздар менен америкалыктар финалга чыгышпаса болду.Эми биз кыргыздар баардык эс алуучу жайлоолорубузду оңдоп, келчү туристтерибизди тосуп алууга даяр турушубуз зарыл.

— Эмне үчүн Шаршенбек Абдикеримов бир гана спорт тармагын тандап алган? Башка деле жардамга муктаж тармактарыбыз көп эмеспи?

— Биринчиден бул киши өзү спорттук күрөш федерациянын башчысы, УОКтун президенти. Шаршенбек мырза өзү башына келип көргөндөн кийин жардам бере баштады. Кыргызтандын атын чыгарып жаткандарды колдоп-коштоо деле инвестиция эмеспи. “Аю” холдингдин башчысы элге жардам берсем деген, кыргыз деген улутка чексиз күйгөн адам. Дүйнө жүзүндөгү бизнестеринин акчасын алып, корабль, яхта алса деле жарашмак. Тескерисинче ал баарын Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө жумшап жатат. Жакында Аламүдүнгө жүзүм заводун ачууга 100 000000 сом салып жатабыз. Бул деген мамлекеттин жүзүмүн иштетип, жүзүм тармагын жанданталы деген пландарыбыз бар. Кыргызстандыктарга кыргыздын продукциясын колдонгула деп айтат элем. Экономикабызды өзүбүз колго алсак, өнүгөбүз. Менимче спорт тармагы колдоо керек болуп жаткандыктан, атайын жетекчилер суранышса керек.

— Былтыр батирлер кимдерге берилди эле?

— Айсулуу Тыныбековага эки бөлмөлүү батир берилген. Андан сырткары бир бөлмөлүү батирден күмүш медаль алган балдарга берилген. Изат азыр ошол батир алгандар менен кошуна болуп жашап калды.

— Олимпиадага барууда деле четте карап турбагандырсыздар?

— Спортчулардын баарынын формасын сапаттуу тиктирип бердик. Анткени ал жерде жарашып жакшынакай турушу үчүн болгон аракетти көрдүк. Жөнөкөй кийимдери дагы жакшы болду.

— Көчмөндөр оюнуна барганда “Газпром” компаниясы куруп берген спорт залды көрдүңүз да. Сиздердин холдинг ушундай спорт залдарды куруу планы барбы?

— Мага ошол спорттук жай абдан жакты. “Газпромго” да чоң рахмат.Өздөрүнүн стили менен сонун спорттук жайларды куруп берип жатышат. Биз Газпром сыяктуу боло албасак да колубуздан келишинче жардам берип келе жатабыз. Биз дал ошондой спорт залды Сокулукка салып бергенбиз. Элдин баары колдонот, мектеп жашындагы балдар келишип күрөшөт. Колдон келсе “Газпром” сыяктуу баардык районго спорт зал салып берсек жакшы болмок.

— Мектеп, оорукана салуу пландарыңыздар барбы?

— Кантип жок болсун, албетте бар. Шаршенбек Абдикеримов депутат болуп иштегенде айлыгын албай жетимдер үйүнө которуп койгон. Келечекте илим- билимге басым жасайбыз деген пландарыбыз бар. Стипендия берип, чет өлкөдө балдарды окутуп келе жатабыз. Америкада, Европада, Россияда, Кыргызстандын ичинде өзүбүз балдарды окутабыз.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: